Редакцияот 10.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-сентябры № 26/6- 21/2

Манас райондук Сотунун 2013-жылдын

22-июлундагы Кайыңды айыл өкмөтүнүн

башчысы М.Мызаевдин пайдасына айлык

маянасын өндүрүү боюнча «Аткаруу

 Баракчаны» аткаруу жөнүндө

 

Манас райондук Сотунун 2013-жылдын 22-июлундагы Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мызаевдин пайдасына айлык маянасын өндүрүү боюнча «Аткаруу Баракчанын» негизинде Кайыңды айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелер булагынан 60594 сомго жана чыгашалар боюнча 60594 сомго бекитилсин.

2.    Кайыңды айылдык аймагына караштуу мекеме - уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда, бир разделден экинчи разделге жана бир статьядан экинчи статьяга, өзгөртүү жүргүзүүгө, уруксат берилсин.

3.    Мызаев Маделкан Ашимовичке Манас райондук Сотунун «Аткаруу Баракчасы» 60594 сом өлчөмүндө айлык маянасы төлөнүп берилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.

 

Кайыңды айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

З. Абдрахманов