Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 26-февралы ПУ N 62 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 23-июнундагы «Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарын түзүү жөнүндө» Указын Исфана шаарына жайылтуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагыИсфана шаарын түзүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабылалынгандыгына байланыштуу жана шаарларды жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун принциптеринде башкарууну андан ары демократиялаштыруунукамсыз кылуу максатында токтом кылам: 1. Баткен областынын Лейлек районундагы Исфана калктуу конушунарайондук баш ийүүдөгү шаардын статусунун берилишин эске алуу менен агаКырыгз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 23-июнундагы № 200«Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүүөз алдынча башкаруу уюмдарын түзүү жөнүндө» Указынын күчү жайылтылсын. 2. Баткен областтык мамлекеттик администрациянын башчысы КыргызРеспубликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондукөнүктүрүү иштери боюнча министри менен бирдикте Исфана шаарынынбашчысын шайлоону өткөрүү мөөнөтүн аныктасын жана шайлоону КыргызРеспубликасынын 2001-жылдын 17-январындагы №28 «Кыргыз Республикасынынайылдарынын жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын пилоттук шайлоо жөнүндө Убактылуужобону бекитүү тууралу» Указына ылайык жүргүзүүнү уюштурсун. 3. Баткен областтык жана Лейлек райондук мамлекеттикадминистрацияларынын башчылары бир айлык мөөнөттө Баткен областтыккењешинин төрагасы менен бирдикте Исфана шаардык кењешинин шаарбашкармасынын кызмат орундарынын санын аныктоо, шаардык жамааттынкоммуналдык менчигин түзүү, Исфана шаарынын 2001-жылдын экинчи жарымжылдыгына жергиликтүү бюджетин түзүү боюнча сунушун карап көрсүн жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө: - Баткен областынын жана Лейлек районунун жергиликтүү мамлекеттикадминистрацияларынын, ошондой эле Баткен областтык, Исфана шаардыккењештеринин сунуштарын эске алуу менен Исфана шаар башкармасынынкызмат орундарынын санын аныктасын; - Исфана шаарынын аймагындагы объекттерди паспорттоштуруунун жанакоммуналдык менчикти түзүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынынсунуштарынын негизинде объекттерди Исфана шаарынын коммуналдыкменчигине өткөрүп берүүнүн мөөнөтүн жана тартибин аныктасын; - Исфана шаары башкармасына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктардыберүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте карасын; - өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин. 5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев