Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-октябры № 16
«Көк-Ой» СПА сына кепилдик берүү жөнүндө
Көк-Ой СПАсына «Экинчи ички чарбалык сугат» Долборунун эсебинен техникалык кредит - экскаватор алууга макулдук берүү жана анын баасын кайтарып берүүгө кепилдик берүү жөнүндө маселелерди карап жана талкуулап, суу пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн 2013-ж. 10-сентябрдагы токтомунун негизинде Депутаттардын Көк-Ой айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Техникалык кредитти-экскаватордун келишимдин негизинде кайтарууга кепилдик берилсин.
2. Көк-Ой "СПАсы өзүнүн карызын (техниканын баасынын 50%) же анын бөлүгүн төлөй албаган учурда,Кок-Ой айыл өкмөтү бул максаттар үчүн карызды жергиликтүү бюджеттин жылдык кирешесинин эсебинен 20 пайызга чейинки кирешесин ар жыл сайын карыз толук жоюлганга чейин төлөп турсун.
3. Көк–Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Узгенов Самарбек Төрөбековичке келишимине кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
Көк-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.Абдрахманов |