Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 57/9-6
«Талас шаарынын жергиликтүү
бюджетинин 2013-жылдын
9 айынын аткарылышы жөнүндө»
Талас шаарынын 2013-жылдын 9 айынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын карап чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2013-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин аткарылышын официалдуу трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 116027,5 миң сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 54766,6 мин сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 106010,2 мин сом суммасында бекитилсин.
2. 2013-жылдын 9 айынын жергиликтуу бюджетин аткаруу учурунда мамлекеттик салыктар жана салык эмес кирешелер планга карата аткарылышы бекитилсин.
3. Талас шаарынын мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын башчысы (Мураталиев М.Ж) 2013 жылга бекитилген жергиликтуу бюджетинин киреше булагын аткарууну камсыз кылсын.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык «Жаны багыт» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы шаардык кенештин бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |