Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 59/9-6
Талас шаарынын спорт тармагына спортчуларды
турнирлерге ташуу максатында автоунаа алуу үчүн
480 000 (төрт жүз сексен миң) сом акча
каражатын бөлүү жөнүндө”
2013-жылдын Жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча Талас шаардык кеңешинин 6 сессиясынын жана Талас шаардык каржы бөлүмүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы №80 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Талас шаарында спорт тармагынын өсүп өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана келечекте кыргыздын намысын коргой турган жаш спортчуларды турнирлерге ташуу максатында автоунаа алуу үчүн 480 000 (төрт жүз сексен миң) сом акча каражаты муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу бөлүнүп берилсин.
2. Каражат Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын (Т. Киргабаков) эсебине которулуп, алынган авто унаа аталган башкармалыктын балансына киргизилсин.
3. Шаардык каржы бөлүмүнө (Ж. Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жасоо жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |