Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 60/9-6
“2014-жылы Талас шаарына жол кайгуул кызматы
үчүн 2 муниципалдык штат бирдигин ачууга
макулдук берүү жөнүндө”
Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын №01-1/1135 сандуу катынын негизинде жана Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 20-декабрындагы №4 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талас шаарынын борбордук базарынын айланасында автоунаалардын каттамын ирээтке келтирүү максатында Талас облустук ички иштер башкармалыгы менен эки тараптуу келишимдин (договордун) негизинде, 2014-жылы жол кайгуул кызматы үчүн эки муниципалдык штат бирдигин ачууга макулдук берилсин.
2. Штаттык бирдиктин жылдык эмгек маянасына чегерилүүчү акча каражатын аныктоо маселеси 2014-жылдын бюджетин бекитүүдө “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” комиссиясына сунушталып, чечим кабыл алынсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаңы Багыт ” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |