Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 61/9-6
“Э.Мадиев көчөсүнүн №63, №63 “а” дарегиндеги
имаратын сатып алууга макулдук берүү жана
Ж.Тагайбаев көчөсүндөгү гидроэлектростанциясын
муниципалдык менчик реестрине киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2013-жылдын 24-октябрындагы №01-3\958 жана 2013-ж. 18-декабрындагы 01-1/1129 сандуу каттарынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 16-декабрындагы №7 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Э. Мадиев көчөсүнүн №63, №63“а” дарегинде жайгашкан жалпы аянты 4612,5м.кв. жана 2 кабаттуу башкы корпустун аянты 544,7 м.кв (70 пайыз физикалык оңдоп түзөөгө муктаж) имаратын бала-бакча куруу үчүн сатып алууга макулдук берилсин.
2. Сатылып алынган Э. Мадиев көчөсүнүн №63, №63“а” дарегинде жайгашкан имарат жана Ж.Тагайбаев көчөсүндөгү гидроэлектростанция (сессиянын протоколдук чечимине ылайык) Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынып, муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизилсин.
3. Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук - ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык Кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Н. Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |