Сравнение редакций…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 62/9-6
“Көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий
обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан
атоо боюнча Убактылуу Жобого өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
2013-жылдын 11-декабрындагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча жана көчөлөрдү жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын” №5 протоколунун негизинде депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча Убактылуу Жободогу инсандын атын түбөлүк калтыруу максатында кабыл алынган негизги шарттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: “Талас шаарынын аймагында 15 жылдан кем эмес убакыт жашап” дегендин ордуна “шаардын өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана ар тараптуу сиңирген эмгеги эске алынсын” деп өзгөртүлсүн. Андан кийинки негизги шарттарынын тизмесине (б) пунктундагы I, II, III даражадагы Манас орденинин ээси дегендин ордуна, Кыргыз Республикасынын орден медалдарынын биринин ээси деген жана ага кошумча дагы бир пункт менен Кыргыз Республикасынын өндүрүш, маданият,билим берүү саламаттыкты сактоо, спорт, жана башка ар кыл тармактын “отличниги” төш белгисинин ээси. (е) пунктуна өзгөчө учурларда Талас шаарынын өсүп өнүгүүсүнө өз ыктыяры менен чон көлөмдө инвестиция тартып социалдык маданий обьектилерди курууда барандуу салым кошсо, деген толуктоолор киргизилсин.
2. Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Депутаттык этика мыйзамдуулук, укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгүртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (М. Есенкулов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(КР Балыкчы шаардык Кеңешинин 2014-жылы 20-февралындагы № 98/10-6 токтомунун редакциясына ылайык)

-Сатылып алынган Э. Мадиев көчөсүнүн №63, №63 “а” дарегинде жайгашкан имарат бала бакча куруу максатында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынып, муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизилсин.
-Талас шаарынын Ж. Тагайбаев көчөсүндө жайгашкан Гидроэлетростанциянын имараты улуттук спорт оюндары боюнча спорт зал куруу максатында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынып, муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизилсин.