Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20 – февралы № 66/10-6
«Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын
2013-жылдын социалдык –экономикалык өнүктүрүү
программасынын аткарылышы жана
жыл жыйынтыгы жөнүндө»
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 6-февралындагы №01-1\143сандуу катынын негизинде, Талас шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттери тууралуу маалыматын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын 2013-жылга карата аткарылышы жана жыл жыйынтыгы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Токтом шаардын “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Ж. Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |