Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20 – февралы № 68/10-6
“Талас шаардык коммуналдык кызмат
көрсөтүү муниципалдык ишканасына
административдик база түзүү үчүн имарат
сатып алууга макулдук суроо жөнүндө”
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Талас шаардык кеңешине сунуштоосунун негизинде “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын №9 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына административдик база түзүү үчүн имарат сатып алууга макулдук берилсин.
2. Талас шаардык мэриясы депутаттардын Талас шаардык кеңеши менен биргеликте убактылуу комиссия түзүп, административдик база үчүн имарат сатып алуу боюнча иш алып барсын.
3. Токтом шаардык “Жаңы Багыт ” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укук–ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын
Төрага | А. Джузупбеков |