Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20 – февралы № 69/10-6
“Талас шаарынын 2014-жылга жергиликтүү
бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу
жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2014-жылга карата бюджети жана 2015-2016-жылдарга долбоорун карап чыгып депутаттардын Талас шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2014-жылдагы жергиликтуу бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 87889,4миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 87889,4 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын 2014-жылдагы жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгү тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3. Талас шаарынын 2015-2016-жылдарга жергиликтуу бюджеттинин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын. (тиркеме тиркелет).
- 2015-жылга киреше боюнча болжолу 96010,4 миң сом
- 2016- жылга киреше боюнча болжолу 105741,4 миң сом.
4. Талас шаарынын 2014-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5.Талас шаарынын 2015-2016 жылдарга жергиликтуу бюджеттин чыгаша болугунун болжолу жактырылсын.(тиркеме тиркелет)
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттемелер боюнча жүргүзүлсүн. Чыгашалардын коргоого алынган беренелери шаардык Кенештин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкөн кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын. Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
8. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттар боюнча киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, бюджеттик сметалык чыгымдарын жыл ичинде беренеден беренеге жылдыруулар бюджеттик мекемелердин макулдугу менен өзгөртүү киргизүүгө «К.Р бюджеттик укуктардын негизги принциптери мыйзамынын 17 беренесине» ылайык каржы болуму аркылуу аткарууга алынсын, ал эми бир болумдон башка болумго озгортуулор шаардык Кенштин сессиясынын токтомунун негизинде жургузулсун.
9. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жөнүндө Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджеттин 2013-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү, 2014-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын. Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
10. 2014-жылдын 1-январына шаардык бюджеттин накталай кассалык акча жүгүртүү көлөмү 5,0 миң сом суммасында бекитилсин.
11. «Кыргыз Республикасынын бюджет принцибинин негизи жөнүндөгү» мыйзамынын 21-статьясына ылайык шаардык бюджетке 800,0 мин сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн, түзүлгөн резервдик фондунун 300,0 мин сомун болуштуруу шаардык Кеңештин торагасына берилсин.
12. 2014-жылга жергиликтүү бюджетке салык агенттигине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрдүн чегерүүлөрү төмөнкү ченемде бекитилсин:
шаардык бюджетке 50%
республикалык бюджетке 50%
- сатуудан түшкөн салыктар:
шаардык бюджетке 50%
республикалык бюджетке 50%
- милдеттуу,ыктыярдуу патенттештирүү негизиндеги салык шаардык бюджетке 100%
- жер салыгы, мүлк салыгы, , бирдиктүү салыктын түшүүлөрү 100 % шаардык бюджеттин тескөөсүндө калтырылсын.
13.Талас шаардык коммуналдык кызмат корсотуу муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги, айлык акылары тиркемеге ылайык тузулсун.
14. Талас шаардык финансы бөлүмүнө (Ж . Ниязалиев) шаардын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
15. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Талас шаардык кеңешинин «Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу» маселелери жөнүндө туруктуу комиссиясына (Мамбетов. Р.М.) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |