Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20 – февралы № 71/10-6
“Талас шаарынын №4 мектебинин
базасында 180 орундуу жана №5 мектебинин
биринчи кабатынын түштүк-чыгыш тарабынан
240 орундуу бала бакчаларын ачууга макулдук жөнүндө”
Талас шаардык мэриясынын 2014-жылдын 13-январындагы №01-3/30 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын №7 протоколуна ылайык, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын батыш жак аймагына бала бакчаларды ачуу зарылдыгынын негизинде, Талас шаарынын №4 жана №5 бала бакчага ылайыкташтырылып салынган мектептерде атайын нормадагы окуучулардын толук болбогондугуна байланыштуу №4 орто мектебинин түндүк -батыш тарабындагы имаратына 180 орундуу жана №5орто мектебинин биринчи кабатынын түштүк-чыгыш тарабынан 240 орундуу бала бакчаларын ачып, иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Мектептердин базасында бала бакчаларды ачып иштетүү боюнча ишти аягына чыгаруу жагы Талас шаарынын мэрине (А. К. Кушубеков) жана Талас шаардык билим берүү бөлүмүнө (Б.Ж. Керимбаев) милдеттендирилсин жана тийиштүү мекеме уюмдардын корутундусунун негизинде кабыл алынсын.
3. Жаңы ачылган бала бакчаларды тийиштүү каражаттар менен камсыздоо жагы муниципалдык менчик башкармалыгына (Т. Киргабаков) тапшырылсын.
4. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасы жарыялагандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. М. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |