Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 12июну № 14/1
Жергиликтүү жамааттын онүгүүсүнүн үстүндө иш алып барып жаткан АРИС,япониялык өнүгүү фондусунун долбоорунун алкагында иш алып баруу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык өкмөтүнүн алдында курамы 10 адамдан түзүлгөн жумушчу топ, АРИС , япониялык социалдык онүгүү фондусунун долбоорунун алкагында айылдык аймактын өнүгүүнүн инвестициялык жана стратегиялык планын иштеп чыккан.Жумушчу топтун иштеп чыккан пландарын карап чыгып Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат
1.Үч-Коргон айылдык Кеңешинин2013-2016жж стратегиялык планы бекитилсин
2.Үч-Коргон айылдык Кеңешинин 2013 январь-2014 январь айына инвестициялык планы бекитилсин
3. Үч-Коргон айылдык өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жумушчу тобунун Үч-Коргон айылдык аймагынын өнүгүүнүн инвестициялык планынын негизинде «Чоң-Капка айылындагы Баялыш уулу Рахман мектебинин имаратында балдар бакчасын уюштуруу» долбоорун ишке ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттен 299444 (эки жүз токсон тогуз миң торт жүз кырк төрт ) сом каражаты, анын ичинде накталай акча каражаты менен 267004(эки жүз алтымыш жети миң торт )сом жана материалдар менен 32440 (отуз эки миң төрт жүз кырк ) сом бөлүштүрүлүп берилсин.
Токтомду ишке ашыруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Үч-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Курманалиев |