Загрузка документа…
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2024-жылдын 09-февралындагы № 228/32-8 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 74/10-6
“Талас шаардык муниципалдык
менчик башкармалыгынын Жобосуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №01-4/953 жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2013-жылдын 16-декабрындагы №398 сандуу каттарынын негизинде,Талас шаардык кенешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча комиссиясынын №7 протоколуна ылайык Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаардык мунципалдык менчик башкармалыгынын Жобосуна өзгөртүүлөрү жана толуктоолору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына (М. Есенкулов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |