Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 80/10-6
“Муниципалдык менчиктеги жер
тилкесин ижарага берүү
келишимин бекитүү жөнүндө”
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2013-жылдын 16-декабрындагы № 398 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кенешинин “Депутаттык этика мыйзамдуулук, укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” комиссиясынын №7 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин ижарага берүү келишими тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына (М. Есенкулов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |