Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 89/10-6
“Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын
типтүү түзүмүн жана штаттык
санын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 13-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” № 451 токтомун жетекчиликке алып жана Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 30-яварындагы 01-1/113 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1.Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |