Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 90/10-6
“Талас шаарындагы айрым көчөлөрдүн
аттарын өзгөртүп кайрадан аттоо жөнүндө”
“Жаштык” кичи районунун жашоочуларынын 2013-жылдын 11-ноябрындагы кайрылуусунун негизинде, Талас шаардык кеңешинин Көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча Убактылуу Жобосунун 2.6 бөлүмүнүн (е) пунктуна жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин, Депутаттык этика мыйзамдуулук, укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” комиссиясынын №6 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Талас шаарынын “Жаштык” кичи районундагы “Заводская” көчөсү мындан ары “Усенбек Байтереков” атындагы көчө болуп аталсын.
2.Ысымы берилген инсанга (Усенбек Байтереков) көчөнүн тазалыгын, жашылдандыруу көрктөндүрүү жана жол ремонту иштерине ар жыл сайын максаттуу жаржам берилсин.
3.Токтом кабыл алынган күндөн тартып 1(бир) жыл ичинде көчөнүн жарнактары илинбей жана инсан (Усенбек Байтереков) тарабынан эч кандай жардам берилбесе шаардык кенеш бир тараптуу токтомду жокко чыгарат.
4.Кайрадан атоого кеткен чыгымдар ысымы берилген инсан же үй-бүлөсүнүн эсебинен жүргүзүлсүн.
5.Токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттодон өткөрүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика мыйзамдуулук, укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (М. Есенкулов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |