Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 91/10-6
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин 2014-жылга карата
“Авариялык калыбына келтирүү” жумуштарынын
мерчемине сунушталган обьектилерге макулдук
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас шаардык бөлүмүнүн 2014-жылдын 27-январындагы №114 чыгыш сандуу катынын негизинде “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын №7 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.ӨКМдин Талас шаардык бөлүмү тарабынан 2014-жылга карата “Авариялык калыбына келтирүү” жумуштарына сунушталган Талас шаарындагы Ч. Сатаев, Жаштык кичи району, Манас көчөсү жана Бердике баатыр көчөлөрүнө жабык дренаж куруу иштерине макулдук берилсин.
2.Талас шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негизинде Талас шаарындагы согуш жана эмгек ардагерлеринин ооруканасынын имаратынын түндүк тарабын суу жууп кетүү коркунучу болгондуктан арыгын тазалоо жана жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн 2014-жылдын “Авариялык калыбына келтирүү” жумуштарынын мерчемине киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунушталсын.
3.Токтом ӨКМдин Талас шаардык бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. М. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |