Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 92/10-6
“Талас жылуулук камсыздоо
ишканасын муниципалдык
менчикке кабыл алууга макулдук
жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 12-февралындагы №01-3/169 сандуу катынын негизинде жана Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын №9 Протоколуна ылайык, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Энергетика жана Өнөржай министирлигинин 2014-жылдын 11-февралындагы №04-2/850 сандуу катында Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча келтирген сунушу канаттандыруусуз калтырылсын жана Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин мүмкүндүгү жок экендиги эске алынып, Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилбесин.
2.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |