Загрузка документа…
Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 298/39-6 токтомуна ылайык күчүн жоготту
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 93/10-6
“Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга
макулдук берүү жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 11-февралындагы №01-1/160 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын №9 Протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылы Түркия мамлекетинен инвестиция аркылуу келген нан бышыруу жабдууларын Талас шаардык “Элдик нан” муниципалдык ишканасы катары №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Джузупбеков |