Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 94
О. Шамбетов көчөсүндөгү аялдаманын
айланасындагы 2875,61 кв/м жер тилкесин
жамаатташ жайгашкан Р-2 аймагынан Ц-4
аймагына которуу жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 14-февралындагы №1-1-19/183 сандуу катынын негизинде жана Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын №9 Протоколуна ылайык, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаардык мэриясынын “Курулуш куруу жана жерди пайдалануу” комиссиясынын 2014-жылдын 13-февралындагы №2 протоколу, Талас шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2014-жылдын 12-февралындагы №59чу корутундусу жана Талас шаардык мамлекеттик мүлктү каттоо башкармалыгынын 2014-жылдын 12-февралындагы №01-13/05 сандуу корутунду катынын негизинде, Талас аэропортун өздөштүрүү максатында суралган 2875,61 кв/м жер тилкеси парктык зонадан чыгарылсын жана жамааташ жайгашкан Р-2 аймагынан Ц-4 аймагына которулсун
2.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |