Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 20-февралы № 98/10-6
“Талас шаардык кеңешинин 2013-жылдын
24-декабрындагы №61/9-6 сандуу токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын башчысы-мэрдин сунушу жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.2013-жылдын 24-декабрындагы №61/9-6 сандуу токтомунун 2 пунктуна төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-Сатылып алынган Э. Мадиев көчөсүнүн №63, №63 “а” дарегинде жайгашкан имарат бала бакча куруу максатында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынып, муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизилсин.
-Талас шаарынын Ж. Тагайбаев көчөсүндө жайгашкан Гидроэлетростанциянын имараты улуттук спорт оюндары боюнча спорт зал куруу максатында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынып, муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизилсин.
2.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
Төрага: | А.Джузупбеков |