Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 24-февралы №2
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө караштуу № 21 С.Ташиев орто мектебин,айылдык маданият үйүнүн, балдар бакчасынын имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө.
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө караштуу соц.обьктилерди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Республикалык бюджеттин дем берүү фондуна долбоор өткөрүү боюнча Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Осоровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Осоровдун билдируусу эске алынсын.
2.Долбоордун АПЗсын дардап берүүжагы райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3.Архитектуранын кагаз иштерин толуктап,райондук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкерлери менен ишке ашыруу жана кызмат акысын жергиликтүү бюджет эсебинен которуп берүү жагы ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдетттендирилсин.
4.Долбоордо көрсөтүлгөн элдик салым айыл өкмөтүнүн эсебинен каралсын.
5.Долбоорду жүзөгө ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жолдошовко милдеттендирилсин.
Кызыл-Үнкүр айылдык кенешинин төрагасы: Катчысы: | Жамгырчиев А. Тагаева Ж. |