Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-сентябры № 1
«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008 жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Кабак айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын
- мүлк салыгынын 1,2,3,4 топтогу обьектилерин Кз зоналык коэффиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин:
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу обьектилерине Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффицентти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул Токтом Мамлекттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5.Бул Токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга Кабак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кабак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Имеров |
катчысы | К. Боргемиков |