Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-4
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ноокат районунун аймагында 2013-жылды айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү №10 токтомунун негизинде иш чараларды алып баруу максатында Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын түштүк-чыгыш тарабындагы мурдагы Калинин азыркы С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү тротуарда жайгашкан З.Халбаевге таандык болгон киосканы алдыруу жана тратуарды тазалоо боюнча мыйзамдуу түрдө иш алып баруу жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ноокат районунун аймагында 2013-жылды айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү №10 токтомунун негизинде иш чараларды алып баруу максатында Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын түштүк-чыгыш тарабындагы мурдагы Калинин азыркы С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү тротуарда жайгашкан З.Халбаевге таандык болгон киосканы алдыруу жана тротуарды тазалоо боюнча мыйзамдуу түрдө иш алып баруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын мурдагы Калинин азыркы С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү З.Э.Халбаевге таандык болгон киоскага Ноокат шаар башкаруусу тарабынан 2005-жылдын 31-августундагы №519 токтомун жокко чыгаруу жана анын негизинде Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департементи тарабынан берилген 2007-жылдын 25-июнундагы сериясы №004 81 00 сандуу мамлекеттик актысын жокко чыгарып берүү жагы Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ош облустук райондор аралык сотунан суралсын.
2. Ош облустук райондор аралык сотуна Ноокат шаардык кеңешинин атынан кайрылып мыйзамдуу жагын кароо жана соттук отурумга катышуу жагы Ноокат шаардык мэриясынын юристи Ч.А.Ырысбаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |