Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-5
Ноокат районунун аймагындагы А.Мирмахмудов айыл округунун тургуну Атабаев Акрамжан Таштемировичтин коммерциялык дүкөнүн расмий документтеги иш кагаздарындагы багытынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат районунун аймагындагы А.Мирмахмудов айыл округунун тургуну Атабаев Акрамжан Таштемировичтин өзүнүн жеке менчигиндеги коммерциялык дүкөнүнүн пайдалануу багытын коомдук ашкана деп тиешелүү документтерине өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган арызын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун аймагындагы А.Мирмахмудов айыл округунун тургуну Атабаев Акрамжан Таштемировичтин өзүнүн жеке менчигиндеги коммерциялык дүкөнүнүн пайдалануу багытын коомдук ашкана деп расмий документтерине иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү жөнүндүгү арызы канаттандырылып, расмий документтеги иш кагаздарындагы пайдалануу багытынын аталышы өзгөртүлүп берилсин.
2. Пайдалануу багыты өзгөртүлө турган коммерциялык дүкөндүн документтеги расмий иш кагаздарындагы багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик башкармасынан суралсын.
3. Токтомдун бир нускасы шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик башкармасына маалымат үчүн берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |