Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-6
Ноокат шаарынын тургуну Юлдашев Мухидинжон Джорабаевичтин турак жайынын багытын өзгөртүү боюнча арызы жөнүндө
Ноокат шаарынын Юлдашев Мухидинжон Джорабаевичге тиешелүү болгон турак жайы тууралуу документтеги расмий иш кагаздарындагы багытынын атылышын соода борбору деп өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган арызын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын тургуну Юлдашев Мухидинжон Джорабаевичге тиешелүү болгон турак жайы тууралуу документтеги расмий иш кагаздарындагы багытынын атылышын соода борбору деп өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган арызы канаттандырылып, пайдалануу багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Пайдалануу багыты өзгөртүлү турган турак жайдын документтеги расмий иш кагаздарындагы багытынын аталышына өзгөрүтүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик башкармасынан суралсын.
3. Токтомдун бир нускасы шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик башкармасына маалымат үчүн берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |