Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-14
Ноокат РИИБнүн Ноокат шаардык аймактык тескөөчүнүн кабинетин ремонтоого 4000 сом, оформление кылуу үчүн 7800 сом акча каражатын ажыратып берүү жана кызматтык кабинетине иш-кагазадарын жүргүзүүдө, ар кандай жагдайда тездик менен иштерди документтештирүү үчүн 1 даана компьютер принтери менен алып берүү жөнүндө
Ноокат РИИБнүн Ноокаг шаардык аймактык тескөөчүнүн кабинетин ремонттоого 4000 сом. оформление кылуу үчүн 7800 сом акча каражатын ажыратып берүү жана кызматтык иш-кагазадарын жүргүзүүдө, ар кандай жагдайда тездик менен иштерди документтештирүү үчүн даана компьютер принтери менен алып берүү жөнүндөгү берген катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат РИИБнүн Ноокат шаардык аймактык тескөөчүнүн кабинетин ремонттоого 4000 сом жеке иштер Ш.Гафаровдын эсеп счетуна, оформление кылуу учүн 7800 сом "Сатнур" ишканасынын эсеп счетуна 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин № IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин жана кызматтык кабинетине иш кагазадарын жүргүзүүдө, ар кандай жагдайда тездик менен иштерди документтештирүү үчүн шаар мэриясындагы иштен турган компьютеринен 1 даана принтери менен берилсин.
2. Ушул ажыратылган акча каражатын жеке ишкер Ш.Гафаровдун жана "Сатнур" ишканасынын эсеп счетторуна которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |