Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-23
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрүндө жашаган жарандар үчүн азыркы учурга ылайык ажаткананы заманбап толук шарты менен куруп берүү үчүн материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрүндө жашаган жарандар үчүн азыркы учурга ылайык ажаткананы заманбап толук шарты менен курула турган ажатканага материалдык колдоо көрсөтүүгө 300.0 миң сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүңдөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 5-августунда берген катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокаг шаар мэриясынын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрүндө жашаган жарандар үчүн азыркы учурга ылайык ажаткананы заманбап толук шарты менен курула турган ажатканага материалдык колдоо көрсөтүүгө 300.0 миң сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин .
2. Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экөномика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экөномика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |