Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-25
Ноокат шаар мэриясынын түзүлгөндүгүнүн 10-жылдык юбилейине карата жана Ноокат шаарынын аймагындагы А.Мирмахмудов атындагы көчөгө тратуар ачууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын түзүлгөндүгүнүн 10-жылдык юбилейине карата жана Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөгө тратуар ачууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 28-августундагы берген каттарын көрүн чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын түзүлгөндүгүнүн 10-жылдык юбилейине карата шаарды көрктөндүрүүгө (армктарды казып иретке келтирүүгө, маданият үйүнүн батыш тарабындагы автоунаалар токтоочу жайга шагал төшөп тегиздөөгө, көрнөк-жарнак илүү үчүн ишттерди даярдоого, керектүү жерлерге суу өтүүчү трубаларды орнотууга. темир тосмолорду сырдоого, ондоого жана башка жумуштарга) 2013-жьшдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсенинен 200,0 миң сом ажыртып берилсин.
2. Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөгө тратуар ачууга 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен 40.0 миң сом ажыратып берилсин .
3. Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |