Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-26
Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан "Балапан" балдар бакчасынын балдар ойной турган майданчасын ремонттоо, асфальтоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан "Балапан" балдар бакчасынын балдар ойной турган майданчасын ремонттоо, асфальтоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү "Балапан" балдар бакчасынын жетекчисинин 2013-жылдын 27-августунда берген катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан "Балапан" балдар бакчасынын балдар ойной турган майданчасын ремонттоо, асфальтоо үчүн 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин № IV-I токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен 60,0 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Ушул ажыратылган акча каражатын камсыз кылуу жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |