Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-28
Ноокат шаарынын аймагындагы эс алуу багына Насирдии Исановдун атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомдук-мамлекеттик ишмер, өзүнүн тазалыгы, калыстыгы, патриоттуулугу менен легендага айланган, Кыргыз Республикасынын түңгүч премьер-министри, жердешибиз Насирдин Исановдун 70-жылдык маарекесине карата Н. Исановдун кыска жашаган өмүрү. кыргыз эли үчүн жасаган эмгектери кийинки муундарга өрнөк гана боло алат. Аларды эмгекчиликке, чынчылдыкка, адилеттүүлүккө, мекенди сүйүүгө тарбиялоодо анын өмүрүн, ишмердүүлүгүн калкыбыздын калың катмарына чейин жеткирүү, даңазалоо максатында Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы эс алуу багына Насирдин Исановдун атын ыйгаруу жөнүндөгү маселени көрүп чыгып депутаттардын Ноока шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы эс алуу багына Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомдук, мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун аты коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |