Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-29
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы орто мектеп жана балдар бакчаларына жазылган проектинин негизинде шаардык мэриясынын өздүк салымы үчүн керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы орто мектеп жана балдар бакчаларына жазылган проектинин негизинде шаардык мэриясынын өздүк салымы үчүн керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени көрүп чыгып депутаттардын Ноокаг шаардык кенешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Проекттин негизинде утуп алынган 4 мектепке спорт инвентары жана №2 Уркуя Салиева атындагы балдар бакчасынын айнек терезелерин алмаштырууга, шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымы үчүн 105.0 миң сом акча каражаты 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин № IV-I токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2. Ушул ажыратылган акча каражатын мыйзамга ылайык иштетүү жагы Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |