Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 96
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-текшерүү тобунун иши жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
Республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларга шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын, ошондой эле саясий партиялардын финансылык отчётторун текшерүү үчүн саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттардын түшкөн булактарды, туура эсепке алууну, пайдаланууну контролдоо механизмин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11-14-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-текшерүү тобунун иши жөнүндө" жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-текшерүү тобу жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" 2011-жылдын 21-июлундагы № 43;
- "Контролдук-текшерүү тобу жөнүндөгү" 2010-жылдын 24-августундагы № 176;
- "Округдук шайлоо комиссияларындагы Контролдук-текшерүү тобу жөнүндөгү" 1999-жылдын 24-декабрындагы № 195.
3. Бул токтом жана Жобо "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|