Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 19/6
Боз-Караган–Кара-Шоро айылдарындагы жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Караган–Кара-Шоро айылдарындагы жашоочуларды таза суу менен камсыз кылууда, көчөдөн суу алган бир үй бүлөдөн 100 (жүз) үйдүн короосунан чыгаргандарга 300 (үч жүз) сом суу акы ар бир ай үчүн атуулдардан өндүрүлүп алынсын.
2. Боз-Караган-Кара-Шоро айылдарына суу түтүктөрүн иштетүү үчүн төмөндөгү эки атуул бекитилсин.
1. Матиев Алтынбек.
2. Асанов Ормонбай.
3. Таза суу үчун топтолгон каражаттын эсебинен эмгек акыларына, башкы адиске 8,0 миң сом жумушчусуна 7,0 миң сом өлчөмүндө төлөнсүн, калган каражатты электр энергиясынын төлөм акысына, суу түтүктөрүнө, керектелүүчү материалдарына жумшатылсын.
4. Таза сууну белгилүү убактарда айылдарга берүү үчүн атайын график түзүү башкы адис Матиев Алтынбекке тапшырылсын.
5. Таза суунун төлөм акыларын ай сайын өндүрүүдө, айыл башчылар менен бирдикте өндүрүлсүн.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |