Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 19/7
Жайытты пайдаланууда малдарга бир баш бодо малга жана жандыктарга баа коюуп берүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайытты пайдаланууда малдарга бир баш бодо малга жана жандыктарга төмөндөгүдөй өлчөмдө акча белгиленсин.
1. Бодо кара малдар үчүн -50 сом
2. кой-эчкилерге - 20 сом
Башка жактан келген малдарга:
1. Бодо кара малдар үчүн -150 сом
2. кой-эчкилерге - 50 сом
2. Пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети айыл өкмөтүн жайыт комитетине жүктөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |