Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-октябры № 20/1
Айыл өкмөтүндө каада–салт ырым жырымдарды, тойлорду өткөрүү ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө каада–салт ырым жырымдарды, тойлорду өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери жетишээрлик деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
2. Айылдарда кийинки күндөрү кара ашка жылкы союлуп, мурунку калыбына келип жаткандыгына байланыштуу, эл арасында түшундүрүү иштери жүргүзүп, кайрадан ар бир айылда айылдык жыйын өткөрүлүп, жаңыдан комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. Каада-салт, ырым жырымдарды, тойлорду өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча иш алып баруу жаңыдан түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |