Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-октябры № 20/5
Конур-Дөбо айыл өкмөтүнүн аймагында жер жана мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “КРнын Салык Кодексин” колдонууга киргизүү жөнүндөгү 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 КРнын Законунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында 1-январь 2014-жылдан баштап жер салыгы жана мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.
2. Бул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноого Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигенен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин пландоо жана бюджет боюнча комиссиясынын торагасы К.Аматовго жана Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жээнбековго милдетендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |