Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-февралы № II/4
Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт аянтынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу жөнүндө
Кара-Таш айылдык округунун айылдарында атуулдардан турак-жай курууга 8.55 адамдан арыз келип түшкөн. Жогорудагы атуулдардын турак-жай курууга муктаждыгын чечүү максатында айылдык округдун аймагында калктуу конуштарга жакын жайланышкан жайыт жерлерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13. 32 беренесинин негизинде Кара-Таш айылдык округу.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык округунун айылдарына жанаша жайгашкан жалпысы болуп 52га таштак жайыт жерлери айыл-чарба жерлери категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которулуп тизмеге ылайык турак-жай куруу үчүн ажыратылып берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Жогорудагы асылдуулугу төмөн 52га жайыт жер аянттары калктуу конуштардын жерлери категориясына көтөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл-чарба жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |