Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-февралы № II/5
Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы айыл-чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт аянтынан көп жылдык бак дарактардын жерлери категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин колдонууга киргизгенге чейин айылдык округунун аймагында жарандар тарабынан жайыт аянтарынын өздөрүнүн күчү менен өздөштүрүп, жерлердин кордуулугун жогорулатып,ал жерлерди көп жылдык бак айдоо жана чөп орунду жерлерге айландырышкан. Жогорудагыларды эске алып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,30,32 беренесинин негизинде Кара-Таш айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык округунун жалпы аянты 39га атуулдар тарабынан өз каражаты эсебинен өздөштүргөн жайыт жерлери көп жылдык бак-дарактардын жерлери категориясына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин, айыл-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясын милдеттендирилсин.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |