Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № III/4
Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 6-февралындагы “2012-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2013-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү туралуу
Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 6-февралындагы “2012-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2013-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айылдык кеңеши бекитуу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 6-февралындагы “2012-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2013-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Ассоциациясынын 2013-жылдын 19-январындагы ''райондук аймагында жайытка чыккан малдардын жайыт акысын бирдей баага келтирүү, жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 403, 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 688 токтомдорунун негизинде жайыт пайдалануучулары тарабынан мыйзам бузуучуларга жазана колдонуу, чара коруу жөнүндөгү'' № 11 катын аткарууга алуу жагы ЖПБнын төрагасы А.Мамытовго тапшырылсын.(кат тиркелет)
3. Кара-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кара-Таш айылдык аймагынын Капка, Чечме жана Долоно–Булак жайыттарына мал чыкчуу тосулган жолдорду мыйзам чегинде ачуу жагы ЖПБнын төрагасы А.Мамытовго милдеттендирилсин.
5. Кара-Тай жайыт пайдалануучулар арасында орт коопсуздугун сактоо жана мал ыландарына каршы алды –ала эмдоолордун өз убагында журуусу боюнча айылдык ветеринардык сервистин башчылары тарабынан жумуштарды аткаруу тапшырылып,анын аткарылышы боюнча жайытка чыккан малдардын эмдоодон өткөн ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы А.Мамытовго тапшырылсын.
6. Кара-Таш жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПКнын төрагасы А.Мамытовго тапшырылсын. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл, суу чарба,жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |