Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июну № V/2
«НУР Телеком» жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базалык станциясынын куруу жана орнотуу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Кара-Таш айылдык округунун инфраструктурасын которуу жана айылдык округунун аймагындагы уюлдук байланыштын сапатын жакшыртуу, инвестиция тартууну күчөтүү максатында айылдык округунун 2013-жылдын 24-июнундагы № 113 А сунушун,ошондой эле <<НУР Телеком>> жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базалык станциясынын куруу жана орнотуу үчүн Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылынын “Чомолок” участкасынын ижарага 4х4 метр жер аянтын ажыратып беруу жөнүндөгу 2013-жылдын 8-майындагы № 07/850 катын карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”НУР Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базалык станциясын куруу жана орнотуу үчүн Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылынын “Чомолок” участкасынан ижарага 4х4 метр жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү 2013-жылдын 8-майындагы №07/850 каты жана айылдык округунун аймагындагы уюлдук байланыштын сапатын жакшыртуу, инвестиция тартууну күчөтүү максатындагы Кар-Таш айылдык округунун башчысынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 113 А сунушу колдоого алынсын.
2. ”НУР Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базаалык станциясын куруу жана орнотуу үчүн Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылынын “Чомолок” участкасынан ижарага 4х4 метр жер аянты жылына 30 000(отуз миң) сом ижарага акы менен пайдаланууга берилсин.
3 .Ижарага берилген жер аянтынын чек араларын тактап , ижара келишимин түзүп , бекитип берүү жагы айылдык округунун айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин бюджет соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына, милдеттендирилсин.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |