Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июлу № VI/1
Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылында жайгашкан “Кыдырша” ЖЧКнун Чечме-Сай айылынын Актам участкасынан бышкан кыш чыгаруучу цех куруучу сураган 6,5га жер участогун айыл-чарбасына ынгайсыз жер участкасын болуп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып
Кара-Таш айылдык кеңешинин жер аянтарын менчик укуктарды түз жана аукционго сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерди менчик укутарыны бекитип берүү боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 1 протоколуна негиз жана туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап депутаттардын айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылында жайгашкан “Кыдырша ”ЖЧКнун арызына ылайык Чечме-Сай айылынын Актам участкасынан бышкан кыш чыгаруучу цех куруу үчүн сураган 6,5га жер участогун болуп берүү жөнүндө арызы канааттандырылсын.
2. Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылында жайгашкан “Кыдырша”ЖЧКнун жетекчиси Гапыров Сапар Акматалиевичке Чечме-Сай айылынын Актам участкасынан мурдагы кыш заводу карьери катары пайдаланган айыл-чарбасына ынгайсыз жер аянтынан 6,5 га жер участогун 20-жылдык мөөнөт менен ажыратып берүү жагы Кара-Таш айылдык округунан суралсын.
3. Кыш заводун куруу үчүн тиешелүү жер аянтарын жана юридикалык иш кагаздарын тактап даярдап берүү депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин айыл-чарба жерге жайгаштыруу ,Экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жайын кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына, айыл округунун башчысынын орун басары А.Аманбаевге жүктөлсүн.
4. Ажыратып берилген жер аянтын 20-жыл ичинде пайдаланылып болгон сон, айыл чарбасына пайдаланууга жарактуу жерлерге айландырып, кайрадан айылдык округунун өткөрүп берүү жагы” Кыдырша” ЖЧКнун башчысы Гапыров Сапар Акматалиевичке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жайын кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |