Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № VII/6
Кара–Таш айыл округунун аксакалдар сотунун–төрагасы А.Мамытовтун 2013-жылдын 28-августунда берген сунуш каты жөнүндө
Кара–Ташайыл кеңешинин депутаттары Кара-Таш айыл округунун аксакалдар сотунун төрагасы А.Мамытовдун сунуш катын карап чыгып тиешелүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизип айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук кеңешинин IV чакырылышынын депутаттары 2012-жылдын 29-мартындагы кабыл алган №22-3 токтому кошумча административдик жаза чаралары менен толукталсын.
2. Үй–бүлөлүк каада-салттарды, ыксыз чыгымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдөгү жобону бузган жактар үчүн – 5000 (беш миң) сомдон 10 000(он миң) сомго чейин айып төлөө жагы ыйгарылсын.
-Мамлекеттик, мунспиялдык, юридикалык жана мекеме уюмдардын жетекчилиринин кызмат орду каралсын.
3. Айып акы салуудан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнө кириштелип, кайрымдуулукка муктаж адамдарга диний комиссиясы аркылуу таркатылып берилсин.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жана Кара-Таш айыл округунда үй–бүлөлүк каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |