Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № VIII/2
Кара-Таш айылынын тургуну Асанов Мирбектин 2013-жылдын 10-октябрь №А/56 арызы жөнүндө
Кара-Таш айыл аймагындагы Кара-Таш айылындагы Кок-Терек бөлүмүнүн жанындагы мазардын жогорку жагындагы карьер 1970-1990 жылдары пайдаланууга берилген, айыл чарбасына ынгайсыз жайыт жерден кам кыш чыгаруу үчүн кыш завод куру үчүн га жер аянтын ажыратып берү боюнча жазган арызын карап чыгып жана толуктап депутаттардын айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылынын тургуну Асанов Мирбектин кыш завод куру үчүн жазган 2013-жылдын 10-октябрдагы №А/56 арызы канаттандырылсын.
2. Асанов Мирбекке кыш завод куруу үчүн айыл чарбасына ынгайсыз жайыт жер аянтынан 20-жылдык моонот менен ажыратып берүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Кыш заводун куруу үчүн тиешелүү жер аянттарын жана юридикалык иш кагаздарын тактап даярдап берүү жагы, айыл кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, өнөр жайын кайра иштетүү жана энергетика туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана жер адисине тапшырылсын.
4. Ажыратылып берилген жер аянты максаттуу пайдалануу, ижара акыларын өз мөөнөтүндө аткаруу жана айыл өкмөтүнүн муктаж болгон атуулдарына демөөрчүлүк кылуу арыз ээси Асанов Мирбекке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айыл кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт курулуш, өнөр жайын кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |