Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № VIII/3
Кара-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жумабай палван атындагы көчөнүн жашоочуларынын 2013-жылдын 17-августундагы № А/53 арызы жөнүндө
Кара-Таш айыл кенешинин туруктуу комиссиясы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Жума байпалван көчөсүнүн жашоочуларынын арызын карап чыгып тиешелуу озгортуу, толуктоолорду киргизип айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Жумабай палван көчөсүнүн жашоочуларынын 2013-жылдын 17-августундагы №А/53 арызы мыйзам чегинде каралсын.
2. Жумабай палван көчөсүнүн жашоочуларынын 2013-жылдын 17-августундагы №А/53 арызы боюнча Кулмурзаев Мамарасул атындагы көчөнү ген план боюнча тактап, көчөнүн жашоочулары менен жолугушуу Кара-Таш айыл кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, транспот, курулуш комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана жер адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара Таш айыл кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу транспорт жана курулуш комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |