Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № VIII/4
Кара-Таш айыл аймагынын Кара-Таш айылынын тургуну Матисаев Кымбатбектин 2013-жылдын 1-сентябрындагы №К/55 арызы жөнүндө
Кара-Таш айыл кеңешинин туруктуу комисссиясы Кара-Таш айылынын тургуну Матисаев Кымбатбектин арызын карап чыгып тиешелүү өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылынын тургуну Матисаев Кымбатбектин арызы канаттандырылсын.
2. Улуштук жерлердеги ички жана сырткы жолдорду ген план боюнча тактап, жолдон суу өткөн жерлерге трубаларды бекитип, жолдорго шагыл төгүүгө, кошумча түшкөн жергиликтүү бюджеттен акча каражатынын эсебинен 50000 (элүү миң) сом ажыратылып берилсин. жардам берүүгө комок көрсөтүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Амановго сунушталсын.
3. Каралган акча каражатын каржылоо жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н. Абдазовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айыл кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |