Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № VIII/5
Кара-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургуну Матибаев Кубанычтын 2013-жылдын 14-ноябрдагы № 64 арызы жөнүндө
Кара-Таш айыл кеңешинин туруктуу комиссиясы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну Матибаев Кубанычтын 2013-жылдын 14-ноябрындагы көчөгө Матибаев Акбаралинин атын коюп берүү жөнүндөгү №64 арызын карап чыгып тиешелүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизип айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну Матибаев Кубанычтын 2013-жылдын 14-ноябрындагы №64 көчөгө Матибаев Акбаралинин атын коюп берүү жөнүндөгү арызы мыйзам чегинде каралсын.
2. Мыйзам чегинде карап берүү жагы Кара-Таш айыл кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш. энергетика туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айыл кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |