Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № VIII/6
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V–чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жарандардан түшкөн арыздар боюнча талкуулап чечим кылат
Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын кошумча түшкөн жергиликтүү бюджеттин эсебинен
1.1. Нойгут айылындагы жаныдан ачылган «Белек» балдар бакчасынын жетекчиси Д.Абдраимованын арызын талкуулап балдар бакчасына 50000 (элүү миң) сом каралды.
1.2. Кара-Таш айылындагы №20 У.Б.Д.Т.нун тиш дарыгери Халмурзаев А. кошумча имарат салуу үчүн жазган арызын талкуулап, айыл кеңеши 50000 (элүү миң) акча каражатын жергиликтүү бюджеттен карап беришти.
1.3. Нойгут айылындагы ФАПтын жетекчиси Назарова Сайранин ФАПтын шиферлери эскирип сынган,ичине тамчы өтөт, шиферлерди алмаштыруу үчүн жазган арызын талкуулап айыл кеңеши жергиликтүү бюджеттен 15000 (он беш миң) сом акча каражатын карап беришти.
1.4. Нойгут айылына суу чыгаруу үчүн Колдошовдун арызы боюнча 30000 (отуз миң) сом акча каралды.
1.5. Кара-Таш айылынын почта көчөсүнүн тургундарынын № А/60 11-ноябрь 2013-жылдагы арызында көчөнүн начардыгына байланыштуу шагыл төшөө үчүн акча каражатын сурашкан, айыл кеңеши арызды талкуулап көчөгө 20000 (жыйырма миң) сом акча каражатын болуп беришти.
1.6. Кара-Таш айылындагы жаш үй бүлөөлөр турган жолго эки жылдан бери шагыл төшөлбөй жол начарлап кеткен (Толондун жолу) .Бул арыз боюнча айыл кеңеши жаш үй бүлөөлөр турган көчөгқ 40000 (кырк миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен болуп беришти.
1.7. Калилов.М. арызы боюнча айыл кеңеши талкуулап көчөгө трансформатор коюп берүү боюнча акча каражаты каралды.
2. Болунгон акча каражаты менен каржылоо фэб бөлүмүнүн башчысы Н.Абдазовго милдеттендирилсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |