Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-февралы № 3-3
Кеңеш айылдык округунун аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реаблитациялык борборун ачуу боюнча
Кеңеш айылдык округунун кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери Г.Ысакованын «Ар бир балага-үй-бүлөө» коомдук фонду тарабынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын социалдык-психологиялык өнүгүүсү үчүн реаблитациялык борборун ачуу боюнча долбоорго уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реаблитациялык борборун ачууга уруксат берилсин.
2. Борборду ачууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы соц.кызматкери Г.Ысаковага тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|